Эки округдагы депутаттык шайлоо 30-июнга дайындалды

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, министрлер кабинетине Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүгө зарыл каражатты бөлүү тапшырмасы берилди.

 

Эске салсак, №5 Ноокат шайлоо округунан депутат болгон Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган, №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандаты да өзү жазган арыздын негизинде 25-апрелде алынган.