Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү бүгүнтөн тартып штаттык режимде иштеп баштайт

Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү бүгүнтөн тартып штаттык режимде иштеп баштайт. Ведомстводон novosti.kgге билдиришкендей, кеп, калкты тейлөө борборлору, “Унаа” ишканасы, ЗАГС жана архивдер тууралуу болуп жатат. Эске салсак, дем алыш күндөрү “Унаа” ишканасынын Военно-Антоновкадагы бөлүмү жергиликтүү коммерциялык банктын жабылганына байланыштуу белгилүү мөөнөткө ишин токтоткон.

Ысык-Көл облусунда коомдук-саясий абал туруктуу

Ысык-Көл облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, коомдук коопсуздукту 500 укук коргоо органдары жана 700 элдик кошуундун мүчөлөрү амсыздап жатат. Өзгөчө маанилүү мамлекеттик мекемелер жана борбордук сатуу түйүндөрү күнү-түнү кайтарууга алынды.

Бишкекте “Өзгөчө абал” режими 21-октябрга чейин күчүндө болот

Бишкекте “Өзгөчө абал” режими 21-октябрга чейин күчүндө болот. Аталган режимди иштетүү боюнча Генералдык штаб план бекитти. Андыктан, “Өзгөчө абал” учурунда ордо калаа көчөлөрүндө унаа жана брондолгон техникалар күзөттө болот. Ведомстводон белгилешкендей, көрүлгөн чаралардын бары жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коргоо үчүн жасалууда.

Бишкекте коменданттык саат башталганга чейин кыймылга чектөөлөр жок

Бишкекте коменданттык саат башталганга чейин кыймылга чектөөлөр жок. Ошондой эле калаадан чыгып, кайра кирсе болот, — дешти комендатурадан. Блокпосттор кечки 9дан таңкы 5ке чейин иштейт. Эске салсак, аталган мөөнөт аралыгында коменданттык саат күчүндө болот. Бул убакта бардык жарандарга үйдөн сыртка чыгууга уруксат жок. Бирок, талаптар… Кененирээк…