Кыргызстанда акыркы суткада 127 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 127 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей,  сакайгандардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Баткен облустарында. Ушуну менен өлкөдө вирустан айыккандардын жалпы саны 44 миң 522 адамга жетти.

Ашыкча салмактан арылам дегендер үч азыкты жеши керек

Ашыкча салмактан арылам дегендер үч азыкты жеши керек. Диетологдордун айтымында,  күнүмдүк рациондо бадыраң, брокколи жана сулунун акшагы болушу керек. Бул азыктарда сууга жана тамак-аш талчасына бай болгондуктан майдын «эрип кетишине» жардам берет. Ошондой эле алар курсак ачырбайт. Аларда калория дагы аз өлчөмдө. Андыктан, аталган тамак-ашты… Кененирээк…

Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлө элек

Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлө элек. Бул тууралуу novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда,  учурда санитардык тазалоо иштери объектилерде гана аткарылууда. Гигиеналык талаптардын сакталышы боюнча бардык мамлекеттик жана жеке мекемелерге, коомдук унаа жана соода жайларына тапшырмалар берилген. Эске салсак, буга чейин коронавирус күч алган… Кененирээк…

Ош шаарында төрөт үйлөргө жылуулук берилди

Ош шаарында төрөт үйлөргө жылуулук берилди. Бул тууралуу novosti.kgге түштүк калаа мэриясынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Ага караганда, учурда аталган мекемелерден тышкары башка объектилерге бериле элек. Жылуулук аба ырайы +8 градустан катары менен 4 күн ашпаганда гана батирлерге жеткиликтүү болот. Кошумчаласак, Ош шаарында жыл сайын жылуулук… Кененирээк…

Ош облусунда бир катар социалдык объектилердин курулушу аяктады

Ош облусунда бир катар социалдык объектилердин курулушу аяктады. Макаренко айылында 270 орундуу мектеп пайда болду. Ага жалпысынан 78 миллион сом сарпталды. Андан тышкары, Кара-Дыйкан айылында спорт зал жана ашкана курулду. Долбоорго 19 миллион сом жумшалды.

Ордо калаада бир катар соода борборлор ишин жандантты

Ордо калаада бир катар соода борборлор ишин жандантты. Бирок иштөө графигин өзгөртүү менен. Буга чейин түнкү саат 10го чейин ачык турган борборлор эми кечки саат 7,5га чейин гана кардарларды кабыл алат. Эске салсак, ордо калаада орун алган башаламандыктан улам, соода борборлор жабылган болчу.

Оштогу жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын ноябрда пайдаланууга берүү пландалууда

Оштогу жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын ноябрда пайдаланууга берүү пландалууда. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда объектинин курулушу 60 пайызга аткарылды. Медициналык мекеме 100 орунга чакталат. Курулуш иштери “Аймакарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 60 миллион сом бөлүнүп берилди.

Бишкекте коомдук унаалар коменданттык саат башталганга чейин иштейт

Бишкекте коомдук унаалар коменданттык саат башталганга чейин иштейт. Бул тууралуу novosti.kgге Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирет. Анын айтымында, маршруттук унаалардын, автобустардын жана тролейбустардын каттамы шаардагы кырдаалга жараша болот. Азырынча, Бишкектеги транспорт боюнча башка жарлык чыга элек.

Бишкекте түн тынч өттү

Бишкекте түн тынч өттү. Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, башаламандык жана мородерлук фактылары катталган жок. Эске салсак, калаада өзгөчө абал режими күчүндө. Ага катар митинг өткөрүүгө да тыюу салынды. Кечки саат 9дан таңкы 5ке чейин шаарга кирип-чыгууга уруксат жок. Бул убакта… Кененирээк…

Октябрда көп күнгө созулган магниттик бороон болот

Октябрда көп күнгө созулган магниттик бороон болот. Россиялык Күндүн рентген астрономиясы боюнча лабораториянын божомолуна ылайык, магниттик бороон 21-октябрда башталып, 25-октябрда күч алат. 29-октябрда Жердин планетасферасы калыбына келет. Магниттик бороон электр тутумдарынын ишин үзгүлтүккө учуратып же келгин куштар менен жаныбарлардын орун которушуна таасирин тийгизет.