Бишкекте коменданттык саат башталганга чейин кыймылга чектөөлөр жок

Бишкекте коменданттык саат башталганга чейин кыймылга чектөөлөр жок.

Ошондой эле калаадан чыгып, кайра кирсе болот, — дешти комендатурадан.

Блокпосттор кечки 9дан таңкы 5ке чейин иштейт. Эске салсак, аталган мөөнөт аралыгында

коменданттык саат күчүндө болот. Бул убакта бардык жарандарга үйдөн сыртка чыгууга уруксат жок.

Бирок, талаптар комендатуранын ишине көмөктөшө турган

мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү эмес.