Улуттук энергохолдингдин жетекчиси болуп Нурбек Козубеков дайындалды
Улуттук энергохолдингдин жетекчиси болуп Нурбек Козубеков дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Козубеков 2015-16-жылдары “Түндүкэлектр” бөлүштүрүүчү компаниясын башкарган болчу. Ал эми холдингди буга чейин жетектеп келген Айтмамат Назаров башка кызматка которулганына байланыштуу, арызын жазып кетти.