Быйыл дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү 7 пайызга азайды

Быйыл дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү 7 пайызга азайды.

Global Carbon Project долбоорунун эсептөөлөрүнө ылайык, дүйнөдө абага

34 миллиард метрикалык тонна зыяндуу газ бөлүндү. Көрсөткүч АКШда

2 пайызга кыскарса, Европада 11 пайызга азайды. Ал эми Кытайда

бул көрсөткүч 1,7 пайызды гана түзөт. Окумуштуулар белгилешкендей,

быйыл миллиарддаган адамдар унаа жана учактан баш тартышканы

жаратылышка пайдасын тийгизди. Бирок пандемиядан кийин

зыяндуу газдардын абага бөлүнүшү кескин көбөйөт деген коркунуч бар