Бишкек мэриясы жаңы ипподром курууга жеке тараптарды тартуу ниетинде

Бишкек мэриясы жаңы ипподром курууга жеке тараптарды тартуу ниетинде. Экономика министрлигинен билдиришкендей, кеп, «Ак кула» ат майданы тууралуу болуп жатат. Долбоордо, эски авариялык имараттарды түртүрүү, жаңы ипподромдун орундуктарын көбөйтүү, улуттук оюндарды өткөрүү үчүн жолдорду, байланыш инфраструктурасы жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу бар. Белгилеп кетсек, майдандын жалпы… Кененирээк…

Россия жана Кыргызстандын мамлекеттик почталары акча которуу системасын  ишке киргизди

Россия жана Кыргызстандын мамлекеттик почталары акча которуу системасын  ишке киргизди. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, учурда Россияда 30 миң, Кыргызстанда 400 PosTransfer системасы иштеп баштады. Бул —  өзүнө 193 өлкөнү камтыган Дүйнөлүк почта бирикмесинин бирдиктүү акча которуу системасы. Которулган акчаны кайсы валютада экенине карабай Россияда рубль… Кененирээк…

Кыргызстанда декабрда күйүүчү май 2 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда декабрда күйүүчү май 2 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, акыркы айларда күйүүчү жана майлоочу майдын дүң баасы кымбаттаган.   Бирок запас бар болгондуктан Кыргызстанда отундун баасы кармалып турган. Бирок учурда россиялык нефть азыктары рыногунда дүң баа дагы… Кененирээк…

Улуттук банк сомду колдоо аракетин улантууда

Улуттук банк сомду колдоо аракетин улантууда. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси 20 миллион доллар сатты. Бул ай башынан берки үчүнчү интервенция. Буга чейин 15,5 миллион доллар сатылган болчу.   Эске салсак, Кыргызстанда доллар курсу 2 айдан бери серпилүүдө. Улуттук банктын байма-бай өткөргөн интервенциялары жыйынтыгын бере… Кененирээк…

Балдар массалык түрдө ууланган мектептин жетекчилигине чара көрүлдү

Балдар массалык түрдө ууланган мектептин жетекчилигине чара көрүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Байтик айылындагы мектепте бир катар санитардык бузуулар аныкталды.   Протоколдор түзүлүп, жалпысынан 30 миң сомго айып салынды. Эске салсак, 8-декабрда Шаардык балдар ооруканасына 24 бала уулануу белгилери менен жеткирилген. Алар мектеп-интернаттын… Кененирээк…

Азербайжанда Тоолуу Карабахтагы жеңиштин урматына парад өттү

Азербайжанда Тоолуу Карабахтагы жеңиштин урматына парад өттү. Парадга Азербайжан менен Түркиянын лидерлери Ильхам Алиев жана Режеп Тайип Эрдоган катышкан. 3 миңдей аскер жүрүштөн өтүп, 150гө жакын аскер техникасы көрсөтүлдү.   Буга чейин Россия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө өтөт

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Куттуу боз үй» аталышындагы көргөзмө өтөт. Ага бишкектиктер 25-декабрга чейин бара алса, андан кийин көргөзмө Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында уланат.   Шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт.

Кыргызстанда дагы 447 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 447 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 123, Ошто 61, Чүйдө 118, Таласта 11, Нарында 6, Ысык-Көлдө 42, Жалал-Абадда 44, Баткенде 42 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 69 миң 341ге жетти.

Евробиримдик Түркияга каршы санкцияларды узартты

Евробиримдик Жер ортолук деңизиндеги аракеттерине байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды узартты. Мындай чечим 10-декабрда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин Брюсселде өткөн саммитинде кабыл алынды.   Ага ылайык, Түркияга 2019-жылдын 11-ноябрында киргизилген санкциялык чаралардын мөөнөтү дагы узартылат.   Еврошаркеттин мүчөлөрү Түркия Жер ортолук деңизинде мыйзамсыз саясат жүргүзүп жатат… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаңы жылдык жарманке иштеп баштайт

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаңы жылдык жарманке иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, ал 29-декабрга чейин Ала-Тоо аянтынын жанындагы Курман Датка эстелегинин жанында жайгашып, күндүзгү саат 12ден кечки 6га дейре иштейт.   Анда шаар тургундары жакындарына жаңы жылга карата өзгөчө белектерди, сувенирлерди таба алат.