Премьер-министрдин милдетин аткаруучу дагы эки өткөрүү түйүнүнүн ишинде каталарды аныктады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу дагы эки өткөрүү түйүнүнүн ишинде каталарды аныктады. Баткен облусуна болгон иш сапарында Артем Новиков “Кызыл-Бел унаа жолу” жана “Кайрагач унаа жолу” өткөрүү түйүндөрүн текшерди.   Жеринде кароо жана видео байкоо жүргүзүү иштеринде каталар табылды. Белгилүү болгондой, жакынкы күндөрү пункттарды Бажы кызматынын адистери… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Добуштарды электрондук эсептөө системасы иштебегендиктен, депутаттар кол көтөрүштү.   Вице-спикер Мирлан Бакиров 60 депутат “макул”, төртөө каршы добуш бергенин билдирди. Жалпысынан мыйзамды кабыл алуу үчүн парламентке эки гана… Кененирээк…

Эртең Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер башталат

Эртең Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер башталат. Алгачкысы ишемби, жекшемби күндөрү Ынтымак  эс алуу багында өтөт. Андыктан, “Ден-соолук” жана “Ынтымак” эс алуу бактарынын ортосундагы жол тосулат.   Ошол жерде жарманке уюштурулмакчы. Иш-чара ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатын көздөйт.

Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Бишкекте башкы балатынын оту жанды. Тилекке каршы, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы жылдык концерт, салтанаттуу иш-чара жана салют уюштурулган жок.   Балатынын отун мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев күйгүздү.Балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт. Жалпысынан 650 оюнчук тагылды.

АКШ бийлиги Фейсбукту сотко берди

АКШ бийлиги Фейсбукту сотко берди. Жүйөөсү – компания монополияга каршы мыйзамды бузду. Марк Цукербергдин компаниясы WhatsApp мессенжери менен Instagram социалдык тармагын мыйзамсыз сатып алган деп айыпталууда.   Ал эми Фейсбуктун жетекчилиги өздөрүнө каршы жазылган доо арызды талдап жатканын билдирди.  Белгилей кетсек, Facebook компаниясы WhatsApp мессенжерин  2014-жылы,… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” түйүнүн иши бүгүн саат 11де жанданат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” түйүнүн иши бүгүн саат 11де жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, кечээ Кытайдын демилгеси менен түйүн жабылды.   Андан транспорт каражаттары, адамдар жана жүк бүгүн күндүзгү саат 11ден тарта кайра өткөрүлө баштайт.