Бишкек ЖЭБинин чыпкалары текшерилет

Бишкек ЖЭБинин чыпкалары текшерилет. Тиешелүү тапшырманы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берди.   Анын айтымында, текшерүүнү объективдүү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр Каржы полициясында Экотехинспекцияга караганда көбүрөөк. Андан тышкары, ЖЭБди газ менен иштеткенде канча чыгым кетерин эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди, — деди… Кененирээк…

Жаңы жылдан тарта WhatsApp аркылуу компьютерден чалса болот

Жаңы жылдан тарта WhatsApp аркылуу компьютерден чалса болот. Декабрда WhatsApp бул опцияны айрым колдонуучуларга сыноо иретинде берген.   Дүйнө жүзү боюнча эки миллиарддан ашуун колдонуучусу бар WhatsApp компьютердик чалууларды ишке киргизүү менен видеоконференция кызматтарын көрсөтүүчү Zoom жана Google Meet сыяктуу ири каражаттар менен теңтайлашууга ниеттенүүдө.

Бишкекте акысыз коньки тебүүгө ылайыкталган муз аянты ачылды

Бишкекте акысыз коньки тебүүгө ылайыкталган муз аянты ачылды.   Мэриядан билдиришкендей, ал Чоң Чүй каналы жактагы Жаштар эс алуу паркында жайгашат. Ал жайга шаардыктар келип акысыз коньки жана чана тээп кете алышат.   Эгер муз тебүү каражаттары жок болсо, ошол жерден ижарага алса болот.

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Салтанаттуу ачылыш Чуңкурчак тоо лыжа базасында маданият министри, Казакстан, Россия, Тажикстан, Венгриянын элчиликтеринин катышуусунда өттү.   Белгилеп кетсек, өлкөдө 20дан ашык тоо лыжа базалары бар, алардын эң көбү Бишкектин айланасында болсо, эң ириси Каракол шаарында.