Лондондо коронавирустун жаңы түрү катталды

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында жашоочулар коронавирустун жаңы түрү аныкталгандыгына байланыштуу чектөөлөрдү күчөткөндөн кийин шаардан массалык түрдө кетип жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, жаңы чектөө чаралары күчүнө кире электе эле Лондондон чыгып кетүүгө аракет кылган жарандардын калың тобу шаардын… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 225 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 225 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 80, Ошто 58, Чүйдө 34, Таласта 6, Нарында 4, Ысык-Көлдө 28, Жалал-Абадда 24, Баткенде 21 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 73 миң адам коронавирусту жеңди.

2021-жылдын эң популярдуу кесиптери — IT-адистер жана сатуучулар болот

2021-жылдын эң популярдуу кесиптери — IT-адистер жана сатуучулар болот. Андан тышкары, кийинки жылы фармацевттерге, айдоочуларга, курьерлерге жана логистика тармагындагы адистерге суроо-талап жогору болот.   Эң башкы талап – дайыма окуу үстүндө болуп, ар кандай кырдаалдарга даяр болуу саналат.

6 жаштагы кыз кайрадан эң кирешелүү блогерлердин ондугуна кирди

6 жаштагы кыз кайрадан эң кирешелүү блогерлердин ондугуна кирди. РИА Новостинин маалыматына ылайык, Краснодардан чыккан Настя Радзинская жылына 18,5 миллион доллар таап, 7-орунга илинди.   Анын YouTube каналына 190 миллион адам катталган. Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле 9 жаштагы Райан Каджи турат.  Анын жылдык кирешеси… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин жарык Скрябин, Горький, Менделеев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Көлмө конуштарында, Степное, Таш-Дөбө, Ленинское, Сокулук, Романовка, Туз айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ошто Кайгуул кызматына талапкерлерди тандоонун экинчи туру өтүп жатат

Ошто Кайгуул кызматына талапкерлерди тандоонун экинчи туру өтүп жатат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 397 адамдан арыз кабыл алынса, анын 243ү катардагы жарандар.   205 талапкер тестирлөөгө катышып, 172 адам аны ийгиликтүү тапшырды. Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул кызматы алгач Бишкекте ачылып, быйыл Ошто иштеп баштады.

Токмоктогу ири жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

Токмоктогу ири жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, авария Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 66-чакырымында болду.   Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү унааларынын кагылышынан 7 адам каза тапты. Дагы 4 адам жабыркап Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди. Авариянын чоо-жайы такталууда.

Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, айдоочуларга сапарга чыгууда этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, айдоочуларга сапарга чыгууда этият болуу сунушталат. Бишкек-Ош трассасынын тоолуу тилкелеринде муз тоңуп, туман түшөт.   Андан улам, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары аркылуу өтүүнү пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик… Кененирээк…

Кыргызстанда эл аралык “Үмүт” кинофоруму бүгүн башталат

Кыргызстанда эл аралык “Үмүт” кинофоруму бүгүн башталат. Ал 25-декабрга чейин Бишкекте өтөт. Казакстандык режиссер Шарип Уразбаевдин “Марьям” аттуу тасмасы менен кинофорум ачылат.   24-декабрда россиялык режиссер Максим Дашкиндин “Ыраакта” деген фильми менен расмий жабылат. Быйыл форумда 30дай тасма көрсөтүлөт.

Сомдун наркы бекемдөөдө

Сомдун наркы бекемдөөдө. Доллардын баасы 80 сомдон түшүп кетти. Valuta.kg порталында жазылгандай, кечээ америкалык валюта 79 сом 40 тыйындан сатылып алынып, кайра  79 сом 70 тыйынга сатылды.   Бул ордо калаанын акча алмаштыруу жайларындагы курс. Ал эми банктарда ар кандай көрсөткүчтөр болууда.  Белгилеп кетсек, дээрлик… Кененирээк…