Москвада учуучу такси сыноодон өтүп жатат

Москвада учуучу такси сыноодон өтүп жатат.

Аэротакси 2 жүргүнчүгө ылайык. Учуучу аппарат 300 килограммга чейин көтөрүп,

150 метрге чейин көтөрүлө алат. Электр кыймылдаткыч орнотулуп, 1 жолу кубаттандыргандан кийин

учуу аралыгы 100 чакырымга чейин жетет. Мындай техника учуп-конуу үчүн атайын аянтчаны талап кылбайт.

Бул үчүн кадимки унаа ээлеген аянт жетиштүү. Сыноо учуру качан аяктаары жана

качан жүргүнчүлөрдү ташып баштаары  азырынча белгисиз.