Бишкек автобустарында жол кире 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек автобустарында жол кире 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, акыркы чечим майда кабыл алынат.   Мэр кошумчалагандай, окуучулар муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрөт. Тиешелүү түзүмдөргө ошондой эле, мектеп окуучуларына гана арналган автобустарды кое берүү маселесин… Кененирээк…

Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо жана референдумда каражат үнөмдөө ниетинде

Боршайком жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо жана референдумда каражат үнөмдөө ниетинде. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Андан такташкандай, эгер бул эки иш-чараны бириктирүү мүмкүн болсо, анда  200 миң сомдой үнөмдөлөт.   Алсак, бардык аймак жана шаарларда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо казнага 150 миң сомго айланса,… Кененирээк…

Швейцарияда учактардын пилоттору поезддердин машинисти боло алат

Швейцарияда учактардын пилоттору поезддердин машинисти боло алат. Бул пандемия учурунда жумушу жок калган учкучтарга тиешелүү. Пилоттор ассоциациясынан билдиришкендей, бул адистиктер бири бирине окшош болуп эсептелет.   Учурда Швейцарияда машинисттердин жетишсиздиги бар, андыктан учкучтар атайын даярдыктан өтө баштады.

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат.   Учурга карата аткаруучу компания окуу корпусунун чатырын төшөп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 900 миң долларды түзөт. Курулушка каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.… Кененирээк…

Салык отчетторун милдеттүү түрдө электрондук формада тапшыруу жылдырылды

Салык отчетторун милдеттүү түрдө электрондук формада тапшыруу жылдырылды.   Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара коронавирус пандемиясынан кийин ишкерлик субъектилерди колдоо максатында кабыл алынды.   Уюмдар отчетторун жөнөкөй электрондук кол тамга менен  ушул жылдын апрелинен тарта өткөрсө, 1-январдан тарта квалификациялык кол тамга менен тапшырышы керек.… Кененирээк…

Кара-Кече кенинен көмүр поезд менен ташылып калышы мүмкүн

Кара-Кече кенинен көмүр поезд менен ташылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды. Ага ылайык, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун түзүүгө сынак жарыялады.   Бул максатта 110 миллион сом жумшалат деп пландалууда.  … Кененирээк…

АКШ Сенатына мурдагы президент Трампка импичмент жарыялоо беренеси тапшырылды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйү Сенатка мурдагы президент Доналд Трампка каршы айыптоо камтылган беренени 25-январда расмий тапшырды. Бул беренеде Трамп өзүнүн тарапташтарын 6-январда Капитолийге чабуул жасоого шыкактады деп айыпталууда.   Дал ошол каргашалуу 6-январда АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийдеги Сенат отуруму өтчү жыйын залына тополоңчулар кандай… Кененирээк…

Абдил Сегизбаев «Белизгейтке» байланыштуу камалды

Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди.   Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде кармалып, Бишкек… Кененирээк…

WhatsApp мессенджери январдын башынан бери 30 миллиондон ашык колдонуучусун жоготту

WhatsApp мессенджери январдын башынан бери 30 миллиондон ашык колдонуучусун жоготту. Маалыматка ылайык, буга колдонуучулардын тиркемедеги жаңыланган шарттарды колдонуудагы кыйынчылык себеп болгон.   Мунун натыйжасында WhatsApp колдонуучулар Signal жана Telegram сыяктуу мессенджерлерге өтүп кетти. Алсак, Signal мессенджеринин колдонуучуларынын саны 7,5 миллион адамга көбөйсө, 25 миллиондой колдонуучу… Кененирээк…

Кытайда саатына 620 чакырым менен жүрө турган жогорку ылдамдыктагы поезддер чыгарылды

Кытайда саатына 620 чакырым менен жүрө турган жогорку ылдамдыктагы поезддер чыгарылды. Транспорт каражатынын жалпы узундугу 21 метрди түзөт. Авторлор кийин бул поезддер учактан дагы ылдамыраак жүрөт деген ишенимде.   Белгилеп кетсек, Кытайда жогорку ылдамдыктагы поезд тармагы эң кеңири өнүккөн. Учурга карата эң тез жүрүүчү локомотив… Кененирээк…