Кыргызстандыктар эң көп эс алган өлкөлөр аталды

Кыргызстандыктар эң көп эс алган өлкөлөр аталды. Туризм ассоциациясынын башчысы Эрмек Мырзабековдун айтымында, биздин өлкөнүн жарандары кышкысын көбүнчө Бириккен Араб Эмирлигинде жана Египетте эс алууну тандашат. Ал эми жаз жана жай мезгилдеринде Түркия популярдуу болот. Андан тышкары, Тайланд, Мальдив аралы жана Кытай шаарлары да кыргызстандыктар… Кененирээк…

Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат. Долбоордун наркы 62 миллион сомду түздү. Курулуш республикалык бюджеттен жана түркиялык гранттын эсебинен каржыланды

«Манас» аба майданы кадимки режимде иштеп баштады

«Манас» аба майданы кадимки режимде иштеп баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Аба майданда кармалып турган каттамдар жанданды. Эске салсак, бүгүн эртең менен калың тумандан улам Алматы жана Ош багытындагы каттамдар кармалып турду. Аэропорттон белгилешкендей, жүргүнчүлөргө каттамдарын алдын ала тактап алуу сунушталат.

Бишкектеги жогорку жана орто окуу жайлар февралдан тартып ачылат

Бишкектеги жогорку жана орто окуу жайлар февралдан тартып ачылат. Бул тууралуу novosti.kgге кесиптик билим берүү секторунун башчысы Дамира Алибаева билдирди. Анын айтымында, министрдин буйругуна ылайык, алгач бардык медициналык окуу жайлардын жана бүтүрүүчү курстардын студенттери салттуу окууга кайтышат. Калган курстун студенттеринин билим алышы аралаш форматында болот.… Кененирээк…

Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда чыгарууга даяр

Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, Россияга болгон иш сапардын алкагында Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлору менен жолугушуу болду. Аталган долбоорду ишке ашырууга тиешелүү шарттар бар. Ошондой эле өндүрүштүн стандарттарына… Кененирээк…

Бишкекте окуучуларды акысыз ташыган 10 автобус сатып алуу пландалууда

Бишкекте окуучуларды акысыз ташыган 10 автобус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Ал тиешелүү кызматтарга мектеп автобустарынын болжолдуу каттамын түзүп, алар балдарды кантип ташышы керектигин кароо тапшырмасын берди.   Бул максатта газ менен жүрө турган 10 автобус сатып алуу пландалып… Кененирээк…

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөгө акча которуулар көбөйгөнүн жарыялады

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөгө акча которуулар көбөйгөнүн жарыялады. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында эмгек мигранттары которгон акчанын суммасы 1 миллиард 700 миллион долларды түздү.   Бул 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 1,2 пайызга көп.

Кытайда жаныбарларды мурдунун тагы менен идентификациялоо технологиясы сыналып жатат

Кытайда жаныбарларды мурдунун тагы менен идентификациялоо технологиясы сыналып жатат. Техника иттерге ээлик кылуу үчүн лицензия берүүдө колдонулуп баштады.   Адистер белгилешкендей, эми дайынсыз жоголуп кеткен жаныбарларды табуу оңой болот. Белгилеп кетсек, үй жаныбарларынын мурдундагы тактар адамдын манжа издери сыяктуу эле уникалдуу болуп эсептелет.

Кыргызстан жараны Санкт-Петербургда жасалма айдоочу күбөлүгү менен кармалды

Кыргызстан жараны Санкт-Петербургда жасалма айдоочу күбөлүгү менен кармалды. Эркектин документтерин текшерүү максатында жол инспектолору токтоткон. Алар күбөлүктү ачканда эле ал жөн эле тартылганын көрүштү.   Атайын экспертиза дайындалып, документ жасалма экени тастыкталды. Кызыгы, айдоочу күбөлүгү жөн эле колго тартылган.

Ордо калаа мэриясы Фучик көчөсүндө оорукана куруу ниетинде

Ордо калаа мэриясы Фучик көчөсүндө оорукана куруу ниетинде. Жаңы стационар кыргыз-түрк ынтымагы клиникасынын артында орун алат. Аны курууга каражат шаар бюджетинен алынат.   Учурда медициналык жайдын курулушу боюнча план иштелип чыгууда. Иштер ушул жылы башталат деп пландалып жатат.