Кыргызстан күйүүчү майды ЕАЭБ боюнча эң арзан баада алат

Кыргызстан күйүүчү майды ЕАЭБ боюнча эң арзан баада алат. Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришкендей, бензиндин эң кымбат баасы Белоруска туура келет, тоннасы 555 доллар, андан кийин Россияга 342 доллар, үчүнчүдө Казакстан 282 доллар. Кыргызстан күйүүчү майды эң арзан алганына карабай, керектөөчүлөргө сатылган боюнча алдыңкы орунда эмес.… Кененирээк…

Кыргызстанда дыйкандар 43 пайызга күйүүчү май менен камсыз

Кыргызстанда дыйкандар 43 пайызга күйүүчү май менен камсыз. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.  Анын айтымында, үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыз кылуу боюнча Мунай ташуучулар ассоциациясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө  айыл чарба өндүрүүчүлөрү  үрөн менен 85 пайызга, техника менен 90-95 пайызга камсыздалды. Белгилеп… Кененирээк…

Дүйнөлүк Соода Уюмунун алгачкы ирет аял башкарат

Дүйнөлүк Соода Уюмунун алгачкы ирет аял башкарат. 66 жаштагы нигериялык Оконжо-Ивеаланын талапкерлигин уюмга кирген 164 өлкөнүн көпчүлүгү колдоду. Ал кызматка 1-мартта киришип, 2025-жылга чейин уланат. Эске салсак, Ивелла былтыр да талапкерлигин көрсөткөн, бирок аны АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын бийлиги колдогон эмес

Эл артисти Жамал Сейдакматова каза тапты

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова каза тапты. Ал бүгүн, 16-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында каза болгонун Кинематография департаменти билдирди. Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көлдүн Темировка айылында жарыкка келген.

Google Францияда ири айыпка жыгылды

Google Францияда ири айыпка жыгылды. РИА Новости билдиргендей, компания мейманканалардын рейтингин туура эмес түзгөн. Google рейтингди оңдоп, Париждин прокурору менен макулдашты, эми компания 1 миллион евро өлчөмүндөгү айып төлөөгө аргасыз. Мындай иштер мейманкана мыкты болсо да төмөнкү класска кирип калган же жылдыз шкаласы туура эмес… Кененирээк…

Эртең, 17-февралдан тартып Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына талапкерлерден арыздар кабыл алына баштайт

Эртең, 17-февралдан тартып Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына талапкерлерден арыздар кабыл алына баштайт. Документти тапшыруу мөөнөтү 17-мартка чейин, дем алыш күндөрдөн тышкары. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы башчы болууну каалагандар үчүн бир катар талаптар бар. Ага жооп бербеген документтер кабыл алынбайт. Эске салсак, учурда өлкө… Кененирээк…

Шаардык кеңешке аттанган партиялар 11-мартка чейин шайлоо күрөөсүн төгүшү керек

Шаардык кеңешке аттанган партиялар 11-мартка чейин шайлоо күрөөсүн төгүшү керек. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге мөөнөт 22-мартка чейин берилет, — дешти Борбордук шайлоо комиссиясынан. Бишкек жана Ош шаарындагы саясий уюмдар 50 миң сом, башка шаардагылар үчүн 20 миң сом, ал эми бир мандаттуулар 1 миң… Кененирээк…

Ордо калаанын бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Ордо калаанын бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин Койбагаров, Набережный, Раззаков, Пушкин Жумабек, Турусбеков, Ташкент көчөлөрүнүн, Чүй жана Жибек Жолу проспектилеринин бир бөлүгүндө, 9-5-кичирайондордо, ошондой эле Арча-Бешик конушунун айрым тилкелеринде электр энергиясы болбойт.