Эл артисти Жамал Сейдакматова каза тапты

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова каза тапты.

Ал бүгүн, 16-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында каза болгонун Кинематография департаменти билдирди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көлдүн Темировка айылында жарыкка келген.