Электр энергиясына карызы бар 5 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт

Электр энергиясына карызы бар 5 миң керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр 1-мартта жүргүзүлөт. Жарандар жарыксыз калбашы үчүн карыздарды өз маалынан кечикпей төлөө сунушталат. Төлөмдөрдү терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу жүргүзсө болот.

Россия Кыргызстанга буудай, күн караманын үрөөнүн жана кумшекер жеткирип берет

Россия Кыргызстанга буудай, күн караманын үрөөнүн жана кумшекер жеткирип берет. Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Макулдашуу эки өлкө министрлери ортосунда жетишилди. Ведомстводон белгилешкендей, жетиштүү көлөмдөгү буудайды жеткирүүлөр апрелде башталат. Ошондой эле кумшекер жеткиликтүү баада берилет. Андан тышкары, эки тарап балык чарба тармагында кызматташуу боюнча документке… Кененирээк…

Бишкекте бала бакчаларды ачуу суроосу дагы эле чечиле элек

или Бишкекте бала бакчаларды ачуу суроосу дагы эле чечиле элек. Буга чейин  ордо калаа бийлигинен алдын-ала 1-марттан тартып мектепке чейинки даярдоо мекемелери ишин жандантарын билдиришкен. Бирок келе жаткан дүйшөмбүдөн тартып ата-энелерге балдарын бакчаларга алып барышы керек экендиги айтыла элек. Өз кезегинде шаардын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору… Кененирээк…

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары кардан тазаланып, кыймылга ачылды

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары кардан тазаланып, кыймылга ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Каракол – Эңилчек трассасы азырынча жабык. Анда кар жаап, көчкү түшкөн. Учурда унаалар өтө турган тилкеси толук тазаланып бүтө элек. Бишкек — Ош жана Тараз — Талас — Суусамыр негизги жолдору толук кыймылга ачылды,… Кененирээк…

Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3 Жарлыгында каралган чараларды ишке ашыруу максатында Жайыл районунда жайгашкан ишкерлердин субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тартибин бузгандыгы, ишкердик иштин субъекттеринен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында каралбаган… Кененирээк…

Түркмөнстанда эми алабай итинин майрамы белгиленет

Түркмөнстанда эми алабай итинин майрамы белгиленет. Тиешелүү токтомго президент Гурбангулы Бердымухамедов. Жаңы майрамды түркмөнстандыктар апрель айынын акыркы жекшембисинде белгилеши керек.   Майрамда эмне кылуу керекиги такталбайт. Эске салсак, өткөн жылы аталган өлкөдө салтанаттуу түрдө алабайдын алтындан жасалган эстелиги ачылган.

Кыргызстанда жыл ортосунда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт

Кыргызстанда жыл ортосунда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт. Бул тууралуу МИР телеканалына Улуттук банктан билдиришти. Бирок, баалар кайра төмөндөйт, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.   Мындай көрүнүш бүткүл дүйнө боюнча байкалат. Баалардын көтөрүлүшү инфлянцияга алып келет. Белгилеп кетсек, өткөн жылдын февраль айынан бери жылдык инфлянция… Кененирээк…

Лионель Месси “Эльче” клубунун дарбазачысынын футболкасын сурап, футбол сүйүүчүлөрүн таң калтырды

Лионель Месси “Эльче” клубунун дарбазачысынын футболкасын сурап, футбол сүйүүчүлөрүн таң калтырды.   Окуя “Барселона” – “Эльче” клубдарынын беттешинен кийин болду. оюн аяктагандан кийин Месси атаандаштын дарбазачысы Эдгар Бадияга келип, оюн үчүн ыраазычылыгын билдирип, футболка алмашууну сунуш кылды.   29 жаштагы голкипер бул сунушка таң калгандыгын… Кененирээк…

Шайлоочулардын алдын-ала түзүлгөн тизмесине  3 миллион 304 миң жаран кирди

Шайлоочулардын алдын-ала түзүлгөн тизмесине  3 миллион 304 миң жаран кирди. Анын 1 миллион 723 миңи аялдар, калгандары эркектер. Болжолдуу тизме өлкө аймагында ачылган 2 миң 273 шайлоо тилкесинде илинди.   Алардан жарандар өздөрүн таап, зарыл болсо, жеке маалыматына өзгөртүү киргизе алат.  Бул 27-мартка чейин мүмкүн… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 55 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 55 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 14, Ошто 4, Чүйдө 20, Таласта 2, Нарында 3, Ысык-Көлдө 10, Баткенде 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту женгендердин жалпы саны 83 миң 61ди түздү.