Балдарын электрондук каттоо долбоору менен 1-класска каттай албай калган ата-энелерге комиссия жардам берет

Балдарын электрондук каттоо долбоору менен 1-класска каттай албай калган ата-энелерге комиссия жардам берет.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, система иштеп баштаган 15-февралда,

биринчи күнү эле мектептерде орун калбай калганын көрсөткөн. Бул техникалык ката. Аны адистер ошол эле күнү оңдошкон.

Эми комиссия жашаган жери боюнча юридикалык себептерден улам мектепке балдарын киргизе албай калгандардын

маселесин чечип берет. Эске салсак, аталган долбоор Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында иштеп жатат.