Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
турнирде балдар 8 салмак категориясында жана кыздар дагы ушундай эле чен өлчөмдө күч сынашат.
Мелдеш 1-2-мартта спорт сарайында өтөт. Спорттук мелдешке көрүүчүлөр киргизилбейт,
санитардык-эпидемиологиялык талаптар толук сакталат