Бишкекте муниципалдык кризистик борбор ачылды
Баш калаа Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн алгачкы муниципалдык кризистик баш калка борбору ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. “Аялзат” деп аталган борборго запкы көргөн бардык аялдар барып, баш калкалай алат. Анда аялдарга психологиялык, юридикалык жана медициналык жардам боюнча кеңеш берилет.… Кененирээк…