Кыргызстанда Россия куруп бере турган тогуз мектептин ичинен үчөөнүн каржы маселеси чечилди.
Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүйдө, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көлдө курулат, — деди
Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев. Калган объектилер этап-этабы менен салынат.
Эске салсак, Россия Кыргызстанга 9 мектеп жана бир мектептен тышкаркы билим берүү
мекемесин салууну пландаган. Чечимди эки өлкөнүн министрлери кабыл алышты.