Ала-Бука районундагы жаңы мектептин курулушу уланууда

Ала-Бука районундагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, 225 окуучуга эсептелген

объекти Кызыл-Ата айылында салынууда, учурда корпустун курулушу 85 пайызга аяктады.

Бүгүнкү күндө ички, тышкы жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы мектепте галерея, ашкана,

спорттук жана акты залдары, ошондой эле жабдуулар менен камсыздалган так илимдер

кабинеттери болот. Долбоорду ишке ашырууга 705 миң доллар багытталат, сумма

Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Имарат быйыл жайда пайдаланууга берилет.