Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү

Бишкекте 15 мектеп карантинге жабылып, дагы 14үндө 11-класстын окуучулары аралыктан окууга өттү. Бул шаардык билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Гүлмира Акматова билдирди. 21-апрелге карата 45 окуучудан жана 24 мугалимден вирустун жаңы учуру катталды. 4-чейректен тартып 6,7,8 жана 10-класстар аралыктан билим алып жатат, калган 7 класстын… Кененирээк…

Кыргызстан жана Казакстан электроэнергия алмашууну макулдашты

Кыргызстан жана Казакстан электроэнергия алмашууну макулдашты. Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, коңшу республикадан 900 миллион киловатт-саат электроэнергия импорттолот. Аларды туура көлөмдө биздин өлкө кайра 3 жыл аралыгында кайтарып берет. Министр белгилегендей, ошондой эле электроэнергия алмашуу боюнча Өзбекстан менен дагы макулдашуу жетишилди. Анын негизинде 628 миллион… Кененирээк…

Францияда айрым карантиндик чектөөлөр алынат

Францияда айрым карантиндик чектөөлөр алынат. РИА Новости билдиргендей, 3-майдан тарта аймактар аралык кыймыл жанданат жана бара турган жакты көрсөткөн маалым кат талап кылынбайт. Күтүлгөндөй, майдын ортосунан баштап ресторандар жана маданий мекемелер ачылат. Эске салсак, апрелде Францияда коронавирустун үчүнчү толкуну башталып, карантин жарыяланган. Учурда кечки саат 7ден… Кененирээк…

Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын жүрүү мөөнөтү узартылат

Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын жүрүү мөөнөтү узартылат. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, эми Россия аймагына мыйзамсыз баргандар ээн-эркин жүрүп, жашаган жерин да тандай алат. Мындай чара өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчулардын жетишсиздигинен улам көрүлүүдө. Жарандар жашаган жери боюнча милицияга кайрылса болот. Алар тиешелүү документтерди бүтүрүүгө… Кененирээк…

Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо үчүн дээрлик 23 миллион сом бөлүндү

Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо үчүн дээрлик 23 миллион сом бөлүндү. Майыптар, Ленинград блокадачылары жана  концлагердин жашы жете элек туткундары 7 миң сомдон, эмгек армиячылары жана майыптыгы бар ооруктун эмгекчилери 2 миң сомдон жана согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле кайратман эмгеги үчүн… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинет

Бүгүн Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинет. Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, республикага 20 миң доза жеткирилет. Эске салсак, Кыргызстанда ковидге каршы вакцинация 29-мартта старт алды. Бул үчүн Кытай гуманитардык жардам берди. 150 миң кытайлык вакцина 75 миң… Кененирээк…

Электроэнергия үчүн сунушталган тариф үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин күчүнө кирбейт

Электроэнергия үчүн сунушталган тариф үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейин күчүнө кирбейт. Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, тарифтер боюнча сунуш коомдук талкууга коюлат. Сунуштун бары эске алынып, кээ бири кабыл алынат. Долбоор андан кийин гана өкмөткө жөнөтүлөт. Бардык процедуралар августтун соңуна чейин аякташы… Кененирээк…

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун “британиялык” штаммы катталды

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун “британиялык” штаммы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы биздин өлкөдө штаммдын бар экендигин тастыктады. Белгилеп кетсек, былтыр декабрда Улуу Британияда вирустун жаңы мутациясы табылган. Ал тездик менен тарай турганы, буга… Кененирээк…

Жылуу аба-ырайы 25-апрелден тарта кайтып келет

Жылуу аба-ырайы 25-апрелден тарта кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, суукту алып келген Сибирь  циклону акырындап кетип баштайт. Ордо калаада эртең аба табы көтөрүлүп, эс алуу күндөрү термометр мамычалары +20 градусту көрсөтөт.   Апрелдин соңку күндөрүндө жайдагыдай ысык болуп, аба табы +32 градуска чейин жетет.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик лотереяны жандантуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңеш мамлекеттик лотереяны жандантуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады.   Документ коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилердин айтымында,  лотереяларды ойнотуудан түшкөн каражат социалдык чыгымдарды жабууга багытталат.   Депутаттар белгилешкендей, дүйнөдө лотерея бизнеси мыйзамдуу болуп эсептелет.