Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин шайлоого 326 тилке ачылды

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин шайлоого 326 тилке ачылды. Бул тууралуу БШК маалымдайт. Жалпы добуш берүүчүлөрдүн саны 610 миң 160 адамды түзөт.   Тизмеден жарандар өздөрүн эртелеп текшерип алышы керек. Эске салсак, кайра шайлоо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында ушул жекшемби, 11-июлда өтөт.