Бүгүн Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгү старт алат

Бүгүн Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгү старт алат. Финалга чыгуу укугун Италия – Испания курамалары талашат. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де башталат.   Белгилеп кетсек, буга чейин Италия жана Испания курамалары 37 жолу беттешкен. 2016-жылкы Европа чемпионатында Италия испандыктарды 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.… Кененирээк…

Нарын облусунун Бугучу айылында жаңы мектеп ачылды

Нарын облусунун Бугучу айылында жаңы мектеп ачылды. Курулуш жана архитектура мамлекетик кызматынын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 150 окуучуга чакталган.   Анда бардык жабдуулар менен камсыздалган спорт зал, химия, эмгек, физика жана компьютер класстары бар. Мектептин курулушу  2019-жылы башталып, сметалык баасы 690 миң долларды… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцина алууну каалагандар эми телефон аркылуу кезекке тура алат

Коронавируска каршы вакцина алууну каалагандар эми телефон аркылуу кезекке тура алат.   Онлайн сервистен тышкары 118 кызматы аркылуу каттоо дагы жүргүзүлүп баштады, — дешти  Саламаттыкты сактоо министрлигинен.   Маалыматка ылайык, аталган кызматтын милдеттери кеңейтилип, 118 кызматынын операторлору эмдөө процедурасына байланыштуу суроолорго дагы жооп берет. Бул… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 17 миллион метр кубга көбөйдү

6-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 167 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.   «Бүгүн, 6-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 167 миң метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып… Кененирээк…

Түркия Баткенге стадион куруп бермей болду

1-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы жаш ишкерлер ассоциациясынын (TUGIAD) төрайымы Нилүфер Чевикел менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана TUGIAD’дын Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары талкууланган.   «Н.Чевикел Кыргыз өлкөсүнө… Кененирээк…

Эрдоган Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин билдирди

«Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга алынып келгенин түрк президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып билдирди.   «Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Байтик Баатыр, Москва, тыныстанов, Суванбердиев көчөлөрүндө, Керемет, Ала-Арча, Арча-Бешик, Ак-Өргө конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос компаниянын башкы директору кызматынан кетти

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безос компаниянын башкы директору кызматынан кетти. Анын ордун Web Services бөлүмүнүн мурунку башчысы Энди Жесси ээледи.   Безос компаниянын төрагасы болуп кала берет. Эми ал кайрымдуулук иштерине, ар кандай долбоорлор менен иштейт.

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында 3 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 9-июлга чейин көгүлтүр от Проскуряков көчөсүндө, Аламүдүн айылында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Россиянын жогорку окуу жайы кыргызстандык абитуриенттерге 20 орун бөлүп берди

Россиянын жогорку окуу жайы кыргызстандык абитуриенттерге 20 орун бөлүп берди.   Элчиликтин маалыматына ылайык, Усурийск шаарындагы «Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясы» агроинженерия, агрономия, агрохимия жана агроөсүмдүктөр, ветеринардык-санитардык экспертиза, зоотехния, токой чарбасы, өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү багыттары боюнча орундарды бөлдү.   Документтер Академиянын сайты аркылуу… Кененирээк…