Кыргызстанда бир жылда көмүрдүн баасы 18 пайызга же 794 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир жылда көмүрдүн баасы 18 пайызга же 794 сомго кымбаттады.

Көрсөткүч былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу быйыл октябрга карата түзүлдү.

Өлкө боюнча минималдуу баалар Чаек айылында, Балыкчы жана Нарын шаарларында – тоннасы

3 миң сомдон 4 миң 200 сомго чейин. Ал эми эң жогорку баа Ноокатта – тоннасы 9 миң 200 сомго барабар,

Исфана 8,5 миң сом болсо, Баткенде 8 миң 200 сом. Көмүр барынан көп бир жылда Кербен шаарында

кымбаттады — тоннасына 3 миң 366 сомго, же эки эседен ашык, Жалал-Абадда — 1 миң 725 сомго жана

Баткенде — 1 миң 604 сомго. Ошол эле учурда Талас шаарында отундун баасы тескерисинче

тоннасына 62 сомго арзандады.