Бишкекте 18-октябрь, дүйшөмбүдөн тартып каттамга чыга турган автобустар кайсы линия боюнча жүрөөрү айтылды

Бишкекте 18-октябрь, дүйшөмбүдөн тартып каттамга чыга турган автобустар

кайсы линия боюнча жүрөөрү айтылды. Мэриядан тастыкташкандай,

№34, 21 жана 46-номурдагы коомдук унааларга 10дон кошумча автобус

жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Алсак, №34-автобус — «Шоро» фирмасы — Жеңиш

конушу боюнча, № 21 автобус — Биримдик — Бакай-Ата конуштары аралыгында,

ошондой эле №46-автобус — «Дордой» базары — Эне-Сай

конушу — Чоң-Арык айылы багытында жүрө баштайт.