Бишкек жана Чүй облусунун бир катар аймактарында жарык өчүрүлдү.
Бүгүн кечки саат 6га чейин ордо калаанын Ак-Тилек, Арча-Бешик конуштарында,
Чүй облусунун Бирлик, Лесхоз, МТФ-2, Тендик, төмөнкү Ала-Арча, Байтик,
Военно-Антоновка, Новопавловка, Терек-Суу, Поле-Чудес айылдарынын
бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот.
Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.