Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы карантинге жабылды

Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун нускамасына ылайык карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ата-энелердин бири кабарлады. Анын айтымында, балдар арасында коронавирус жуктурган 3 учур аныкталган. “Балдар болжол менен 31-январдан тарта мектепке бара баштары айтылды”, — деди ал.