Ош облусунда эки билим берүү мекемесинин курулушу жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, кеп Кара-Суу районунун Маданият айылындагы мектеп жана Араван районундагы Кочубаев айылындагы мектеп-интернат тууралуу болуп жатат.
Объектилердин ар бири 225 окуучуга эсептелген.
Аларга окуу корпусу, спорт зал жана башка зарыл бөлүмдөр бар. Долбоорлорду ишке ашырууга 157 миллион сом бөлүнгөн.