Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жаңы директору дайындалды

Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин бул бөлүмдү Назгүл Лосникова жетектеп келген.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Таалайгүл Темирканованы Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун жаңы жетекчиси кылып дайындады.