Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдөө борборунун нускамасына ылайык карантинге жабылды. Бул тууралуу
“Кабар” агенттигине ата-энелердин бири кабарлады.
Анын айтымында, балдар арасында коронавирус жуктурган 3 учур аныкталган.
“Балдар болжол менен 31-январдан тарта мектепке бара баштары айтылды”, — деди ал.