Кыргызстанда кыш эмне үчүн жылуу болуп жатат?

Атмосферанын жогорку катмарында — тропосферада кыш мезгилинде боло турчу температурага салыштырмалуу бир кыйла жылуу аба үстөмдүк кылган. Кыргызгидромет АКИpress агенттигине билдиргендей, кыш мезгилинде атмосферанын жогорку катмарында антициклондук процесстер, жогорку басым, абанын төмөнкү температурасы үстөмдүк кылышы керек. «Бирок быйылкы кышта декабрь айынын башынан январдын ортосуна чейин Борбордук Азиянын… Кененирээк…

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы коррупцияга шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, кызматтын жетекчилиги товарларды импорттогон жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн, бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параларды алуу боюнча туруктуу система ачыкталды. Андан тышкары, туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасы негизсиз жогорулатылган. Аталган фактылар… Кененирээк…

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эскертишкендей, трассаларды туман басып, көрүү кескин начарлады. Андан улам, айдоочулар зарыл болбосо, алыс сапарга чыгуудан баш тартып, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү кажет. Жөө жүрүүчүлөр, тиешелүү тилкелерден гана, жол чырактын жашыл түсүндө өтүшү зарыл.… Кененирээк…

Роберт Левандовски ФИФА версиясы боюнча 2021-жылдын мыкты футболчусу аталды

“Бавариянын” жана Польша курамасынын чабуулчусу Роберт Левандовски ФИФА версиясы боюнча 2021-жылдын мыкты футболчусу аталды. Сыйлыкты тапшыруу аземи уюмдун Цюрихтеги штаб-квартирасында өттү. 33 жаштагы спортчу ФИФА сыйлыгына экинчи жыл катары менен лауреат болду. Башкы сыйлык үчүн жарышта Левандовски Лионель Месси жана Мохамед Салахты ашып өтту

Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өттү

Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өттү. Бул тууралуу санэпидемиологиялык борбордун буйругунда айтылат. Бүгүнкү күндө №4, 67, 29, 38, 18, 60 жана бир жеке мектеп, ошондой эле №135-мектепке чейинки даярдоо мекемеси карантинге жабык. Аталган билим берүү уюмдарынан 2 же андан ашык вирустун… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр орточо айлыктын көлөмү 19 миң 662 сомду түздү

Кыргызстанда былтыр орточо айлыктын көлөмү 19 миң 662 сомду түздү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Окладдар 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 10 пайызга көбөйдү. Маянанын жогорулашы көбүнчө транспорт, жүктөрдү сактоо, социалдык тейлөө, пайдалуу кендерди казу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча операцияларды ишке ашыргандар арасында… Кененирээк…

Өзбекстанда жөө баскандарга берилген сый акы көбөйтүлөт

Өзбекстанда жөө баскандарга берилген сый акы көбөйтүлөт. Өлкө бийлиги киргизген жаңы системага ылайык, күнүнө 10 миң кадамдан көп баскан кишилер арасында лотерея ойнотулат. Жума сайын 9 миң 250 доллар жана 1 мин велосипед ойнотулат. Акчанын жана белектердин айкын бөлүштүрүлүшүн Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү көзөмөлдөйт. Эске… Кененирээк…

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 80 орундуу имараттын чатыры, эшик-терезе жана ички системасы толук жаңыланды. учурда медициналык мекеменин ачылышына даярдыктар көрүлүүдө. Калыбына келтирүү иштерине Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 15 миллион сом багытталды. Белгилеп кетсек, бөлүм дээрлик… Кененирээк…

Кыргызстанда эки жумада сүт 6 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда эки жумада сүт 6 пайызга кымбаттады. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, декабрда бир литри 50 сом болсо, январдын ортосунда 53 сомго жетти. Барынан көп кымбаттоолор Таласка, Токмокко жана Покровка айылына туура келет. Анын ортосунда монополдукка каршы жөнгө салуу агенттигинен белгилешкендей, сүттүн кымбатташы сезондук фактор. Кышта… Кененирээк…

Боом капчыгайында чыккан өрт өчүрүлдү

Боом капчыгайында чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тисиз жоо кечээ кечинде Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 137-чакырымында жайгашкан тамактануу түйүнүндө катталды. Өрт калың өскөн камыштан чыккан. Өчүрүү иштерине Балыкчы бөлүмүнөн кызматкерлер тартылды. Жабыркагандар барбы жокпу азырынча белгисиз. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.