Түндүк – Түштүк альтернативалык унаа жолунун курулушу кийинки жылдын соңунда аяктайт

Түндүк – Түштүк альтернативалык унаа жолунун курулушу кийинки жылдын соңунда аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди. Анын айтымында, иштер 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи жана экинчи этаптарда курулуш иштери татаал рельеф боюнча жүрөт. Ошондой эле долбоорго техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу… Кененирээк…

Кыргызстандын ГЭС жана ЖЭБинде авария катталган жок

Кыргызстандын ГЭС жана ЖЭБинде авария катталган жок. Бул тууралуу “Электр станцияларынан” билдиришти. Маалыматка ылайык, ГЭС жана ЖЭБдин жабдуулары жабыркаган эмес. Учурда аталган жерлерде иштөө тартиби калыбына келтирилип жатат. Ушул мүнөттөрдө өлкөнүн бир катар аймактарында электр энергиясы калыбына келтирилди. Жарыкка кошуу процесси бир нече саатка созулушу… Кененирээк…

Жарыктын өчүшүнөн улам калаа тургундарынын үйүндө жылуулук, ысык жана муздак суу дагы өчтү

Жарыктын өчүшүнөн улам калаа тургундарынын үйүндө жылуулук, ысык жана муздак суу дагы өчтү. Бишкек жылуулук тармактары ишканасынын маалыматы боюнча, электр энергиясынын өчүшүнөн улам насостук станция дагы иштебей калды. Коммуналдык кызматтар жарыктын берилиши менен калыбына келтирилет. Учурда ишкананын авариялык бригадасы жылуулук тармактарын көзөмөлдөп жатат.

Кыргызстандагы ооруканалардын көбүндө генераторлор иштеп жатат

Кыргызстандагы ооруканалардын көбүндө генераторлор иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, өлкө боюнча ири реанимациялары бар ооруканаларда генераторлор бар. Ал эми кызыл зоналардагы бейтаптар суюк кычкылтекке кошулду. Вакцина сакталган кампаларда температура азырынча кармалып турат. Керек болгон учурда генераторго туташтырылат.

Бишкекте электр энергиясы өчкөнүнө байланыштуу жол күзөтчүлөр кыймылды кол менен тескеп жатат

Бишкекте электр энергиясы өчкөнүнө байланыштуу жол күзөтчүлөр кыймылды кол менен тескеп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жеке түзүм ордо калаадагы көчө кесилиштерде иштеп жатат. Белгилеп кетсек, электр энергиянын массалык өчүшүнө байланыштуу Бишкектеги айрым жол чырактар дагы иштебей калды. Андан улам, тыгындар пайда болуп,… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясы этабы менен берилип баштады

  Кыргызстанда электр энергиясы этабы менен берилип баштады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, өлкөнүн электр системасы Борбор Азиядагы энергошакекчеден чыкты. Жарыкка кошуу процесси бир нече саатка созулушу мүмкүн. Авариялык өчүрүүнүн жагдайларын «Түндүкэлектр» менен «Улуттук электр станциялары» териштирип жатат. Эске салсак, бүгүн саат 12ден тартып республиканын бир катар… Кененирээк…

Стамбулда учак каттамдары калыбына келе элек

Калың жааган кардан улам Стамбул аэрпортунун бардык аба каттамдары шейшембиде токтотулганы кабарланды. Бул тууралуу Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын жетекчиси Хүсейин Кескин Твиттерге жазды. Анда аэропорттун кызматкерлери учуп-конуу тилкесине жааган карды тазалап жетише албай жатканы да кошумчаланган. Жергиликтүү маалымат каражаттары, уча албай калган миңдеген жүргүнчү аэропортто түнөгөнүн,… Кененирээк…

“Электр станциялары”  ачык акционердик коомунун башкы директору алмашты

“Электр станциялары”  ачык акционердик коомунун башкы директору Талайбек Бектеновдун ордуна Эркин Тавашаров дайындалды.   Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Талайбек Бектенов 2021-жылдын февраль айынан бери мекемени жетектеп келген.   Эркин Тавашаров мурда Энергетикалык, тоо-кен жана өндүрүш көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектеген. «Электр… Кененирээк…

Кайра шайлоого талапкерлерди жылдыруу 27-январда аяктайт

Кайра шайлоого талапкерлерди жылдыруу 27-январда аяктайт. БШК маалыматына ылайык, андан кийин талапкерлерге документтерди тапшырууга, шайлоо күрөөсүн тапшырууга 3 күн берилет.   Бүгүнкү күнгө карата документтердин толук топтомун 16 адам тапшырды. Эске салсак, ордо калаанын Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Бишкекте былтыр 745 балага социалдык жардам көрсөтүлдү

Бишкек мэриясы балдарды зомбулуктан коргоо максатында 17 миңден ашуун үй-бүлөнүн жашоо-шартын иликтеп чыкты. Натыйжада оор турмуштук абалдагы, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын тизмеси түзүлдү. 161 үй-бүлөгө социалдык жардам берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Баш калаада балдарды зомбулуктан коргоо үчүн 111 кыска номуру… Кененирээк…