Кыргызстандыктардын жашаган жери боюнча даректи эми онлайн түрүндө текшерсе болот. Мамлекеттик каттоо кызматынан 24 агенттигине билдиришкендей, жаңычылдык электрондук кызматтардын порталында жеткиликтүү.
Бул өлкө аймагында санитардык-эпидемиологиялык посттордо жарандардын жеке маалыматын телефон аркылуу эле ыкчам текшерүү үчүн киргизилди. Бул үчүн биометрикалык паспорттогу ПИН кодду терүү керек.