Кыргыз өкмөтү туризмди өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзөт
Кыргыз өкмөтү туризмди өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзөт. Ага бюджеттен 1 миллиард сом каралган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, фонддун жетекчилигине талапкер сунушталууда, андан тышкары жакынкы отурумда уставдык капиталы жана жетекчилери бекитилет. Төрага белгилегендей, Кыргызстан туризмди өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшап жатат.