Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жолугушуу башталды

12-мартта Тажикстан менен чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу сүйлөшүү башталды. Жолугушууга кыргыз тараптан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен чектеш райондордун акимдери катышууда. Тажикстан тараптан, Чек ара кызматынын… Кененирээк…

Америка Россияга доллар сатууга тыюу салды

Америка Россияга доллар сатууга тыюу салды. Тиешелүү буйрук кечээ жарыяланды. Мындай кадам Украинадагы абалга байланыштуу санкцияларды күчөтүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, Россиянын аймагына доллар жөнөтүлбөйт. Мындан тышкары, америкалыктарга орус экономикасынын бардык тармактарына инвестиция салууга уруксат берилбейт.

Көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги быйыл 13-мартта башталат

Көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги быйыл 13-мартта башталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык бүгүн кечки саат 5те командалар ортосунда чүчүкулак тартылат. Финалдык беттештер Нооруз күнү болуп, майрамдык салтанат көптөгөн ат оюндары менен коштолот. Эске салсак,  “Көк бөрү” федерациясынын жаңы президенттигине… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта милдеттүү беткап кийүү талабы жоюлду

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта милдеттүү беткап кийүү талабы жоюлду. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чечим медициналык мекемелер жана коомдук транспортторго тиешелүү болбойт. Бирок жарандарга COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эл көп чогулган жерлерде, ири соода борборлорунда, базарларда, массалык иш-чаралар учурунда ыктыярдуу түрдө беткап… Кененирээк…