Кыргызстанда бүгүнтөн тарта милдеттүү беткап кийүү талабы жоюлду.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, мындай чечим медициналык мекемелер жана коомдук транспортторго тиешелүү болбойт.
Бирок жарандарга COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эл көп чогулган жерлерде, ири соода борборлорунда, базарларда, массалык иш-чаралар учурунда ыктыярдуу түрдө беткап кийүү сунушталат.