Кыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү

Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм түзүлдү. Аталган кыймылдын мүчөлөрү алгачкы жыйынын Бишкектеги Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялады.   Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү… Кененирээк…

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде эки тепкичке көтөрүлдү

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде эки тепкичке көтөрүлдү. Эл аралык хоккей федерациясынын сайтында жарыяланган маалыматта Кыргызстандын хоккейчилери 50-орунду ээледи. Тизмеде бардыгы болуп 55 команда бар. Финляндия дүйнөлүк рейтингдин башында турат. Алдыңкы үчтүккө Канада менен Россия дагы кирди. Э ске салсак, Кыргызстандын курама командасы… Кененирээк…

Өлкөдө эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык башталат

Өлкөдө эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, өнөктүк 1-апрелден 30-апрелге чейин республиканын түндүгүндө өтөт. Анын алкагында, 18 жаштан жогору эркектер дарыгерден акысыз медициналык кеңеш алса болот. Медициналык кароо «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорун ишке ашыруунун… Кененирээк…

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салык органдары декларацияны түнкү саат 12ге чейин кабыл алышат. Белгилеп кетсек, жеке адамдар отчетту кагаз жүзүндө же электрондук түрдө, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра… Кененирээк…

Ошто жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 30-мартта саат 02:57де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Сингапур эмдөөдөн өткөн туристтер үчүн кайра ачылды

Сингапур эмдөөдөн өткөн туристтер үчүн кайра ачылды. Азия өлкөсү эмдөө алган саякатчыларды эртеңден тарта кабыл ала баштайт. Бирок 12 жаштан жогорку бардык чет элдиктерден эмдөө сертификаты талап кылынат. Кирүү үчүн ПЦР тести да керек болот. Ал эми экспресс-тест жана карантин мындан ары талап кылынбайт. Ушул… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө 12-апрелге чейин болот

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө 12-апрелге чейин болот. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, Кызарт ашуусундагы мындай чара тилкедеги топурактарды алмаштыруу үчүн киргизилди. Акыркы 10 күн ичинде жаан-чачындан жана жүк ташуучу унаалардын агымынан улам Кызарттын жолунда ылай-баткак аралашып калган. Маселени жөнгө салуу,… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын курсу кризиске чейинки деңгээлден төмөн түштү

Кыргызстанда доллардын курсу февралдагы валюта кризисине чейинки деңгээлден да төмөн түштү. Бүгүн америкалык валютанын Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курсу 83 сом 31 тыйынды түзөт. Башкача айтканда, бир күндө эле 4,5 сомдон ашык арзандады. Ошол эле учурда борбордогу акча алмаштыруучу жайларда доллар 81 сом 5… Кененирээк…

Кыргызстанда макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш түзүлдү

Кыргызстанда макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Кеңештин негизги максаты экономиканы стабилдештирүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүү болуп эсептелет.

Улуу Британиянын тургуну пляждан баалуу сандык таап алды

Улуу Британиянын тургуну пляждан тыйындар жана асыл таштар салынган эски сандык таап алды. 38 жаштагы Дженни Фицджеральд үй-бүлөсү менен Норфолк округунда пляж тазалап жатып, кумга көмүлгөн сандыкка чалынып кеткен. Анын ичинде жүзгө жакын тыйын болгон, алар негизинен Виктория жана 18-кылымдын аягында Британияны башкарган король Георг… Кененирээк…