ИИМдин Оштогу өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору 50 миң долларга оңдолду

Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгына караштуу өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору 50 миң долларга оңдолду.   Оңдоо иштеринин алкагында жылуулук, суу жана электр менен жабдуу системалары калыбына келтирилип, эмеректер жана IT жабдуулар жеткирилди.   Ремонтту Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү жана чет элдик уюм… Кененирээк…

Кыргызстандын калкы карып баратат

Кыргызстандын калкы карып баратат. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 330 миңден ашуун улгайган адам жашайт. Бул өлкөнүн калкынын 5 пайызын түзөт.   Бириккен улуттар уюмунун жаш классификациясына ылайык, эгер калктын жалпы санында 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан аз болсо, анда мындай… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстандагы 800 мектепке ысык тамак берилет

Быйыл Кыргызстандагы 800 мектепке ысык тамак берилет. Бул тууралуу БУУнун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектептердеги окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн каражатты негизинен Россия берет.   Кошумчаласак, 2017-жылдан бери аталган мамлекет Кыргызстандагы мектептерге ысык тамак берүү үчүн 20 миллион доллардан ашык бөлгөн.

Бишкектеги кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5 пайыздык босого чектен өткөн талапкерлерге күрөө акысы кайтарылат

Бишкектеги кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5 пайыздык босого чектен өткөн талапкерлерге күрөө акысы кайтарылат.   Боршайкомдон маалым болгондой, Биринчи Май шайлоо округу боюнча жеңүүчү Эльвира Сурабалдиевадан тышкары эки талапкер 5 пайыздан ашык добуш алган. Ал эми Свердлов шайлоо округунда акчасын кайтарып ала турган алты талапкер… Кененирээк…

ФИФА менен УЕФА россиялык курама команда, клубдарды бардык турнирлерден четтетти

Футбол боюнча эл аралык федерация менен Европалык футбол ассоциацияларынын союзу россиялык курама командалар менен клубдарды бардык эл аралык турнирлерге катышуусуна чектөө киргизди. Мындай маалымат ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.   Мунун себеби Украина менен Россиядагы соңку кырдаалга байланыштуу. Эске салсак, буга чейин Дүйнөлүк футболдо ири башкаруучу орган… Кененирээк…

Жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 350 миллион сом бөлүнөт

Кыргызстандагы жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 350 миллион сом бөлүнөт. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн каражат бөлүүнү Каржы министрлигине тапшырды.   Ошондой эле тармактык ведомстволорго шаардын 20 пилоттук башкы планын иштеп чыгуу, чек арадагы калктуу пунктулардын… Кененирээк…

Кыргызстанда чиновниктерге кызматтык унаа сатып алууга жана имараттарды оңдоого тыюу салынды

Бүгүнтөн тарта мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилди. Каржы министрлигинен маалым болгондой, эми министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана башка органдарга кызматтык унааларды сатып алууга тыюу салынат.   Мындан тышкары, бюджеттик каражаттын эсебинен административдик имараттар менен кызматтык жайларда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө болбойт. Тиешелүү жарлыкка… Кененирээк…

Киевден 107 кыргызстандык Венгрияга эвакуацияланды

Киевден 107 кыргызстандык Венгрияга эвакуацияланды. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.   Маалыматка ылайык, анын 34ү жашы жашы жетек элек балдар. Андан тышкары, дагы 150дөй жаран кезек күтүп жатат.   Кыргызстандыктар аталган мамлекеттин батышындагы Венгрия, Польша, Румыния жана Словакия аркылуу… Кененирээк…