Нарын облусунун Кочкор районунун Ара-Көл айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов аталган мектептин курулуш иштери менен таанышып, сапатын текшерип жүрөт.
Белгиленгендей, мектеп жаңы окуу жылына карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.