Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектеги шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда үч эм: эки кыз, бир уул жарык дүйнөгө келди.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, ымыркайлардын бири — 1,4 кг (уул бала), кыздардын бири 1,74 кг, экинчиси — 1,69 кг салмакта төрөлдү.

«Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда — 33 жумасында жарык дүйнөгө келди. Алгачкы үч күн жандандыруу жана интенсивдүү терапия шартында болушту. Абалы турукташкандан кийин энесинин жанына которулушту. Учурда апасынын жанында дарылануусун улантып жатышат», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Ымыркайлардын апасы 33 жашта, улуу баласы бар.

Расмий маалыматка караганда, былтыр 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлдү.

2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.

Он жылдык мөөнөттү алып карасак, буга чейинки 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эм төрөлгөндөр 1286дан 1640ка жеткен.

Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм (алардын экөө былтыр) төрөлгөн.

Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 500 миң сом сүйүнчү пул берүү демилгесин көтөрүп, ал парламенттен колдоо тапканы менен күчүнө кире элек.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4 миң сом сүйүнчү пул чегериле баштаган.