Акыйкатчы жарандарды онлайн кабыл ала баштады

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды жеке маселелери боюнча онлайн кабыл алып, Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан 29 адамдын арыз-муңун укту. Мындан тышкары Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну чогуу Акыйкатчы менен онлайн сүйлөштү.

Жарандардын кайрылуулары негизинен жер-укуктук талаштар, тастыктоочу документтердин жоктугу, бир турак жайда 15 жылдан ашык жашаган адамдардын менчик укугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар, «Үй-бүлөгө көмөк» социалдык жөлөкпулдарды алуу укугу жана башка маселелерге байланыштуу.

Акыйкатчы мындан ары да онлайн кабыл алууларды уюштуруп турарын билдирди.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылы иштей баштаган. Мекемеге адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкерелөө милдети жүктөлгөн.