Бишкекте дагы 5 стационар борбору ачылат.
Буга чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана
пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды
дарылоо үчүн атайын 4 борбор уюштурулган. Алар ордо калаанын
4 районуна тең бөлүштүрүлгөн. Буларда жалпысынан 550 орун жеткиликтүү.