Бишкекке жыл аягында дагы 100 жаңы автобус жеткирилет

Бишкекке жыл аягында дагы 100 жаңы автобус жеткирилет.

 

Бул тууралуу парламент отурумунда вице-мэр Мирлан Байгончоков билдирди. Анын айтымында, коомдук транспортту сатып алууга жалпысынан 12 миллион евро бөлүнгөн.

 

Чиновник белгилегендей, акырындап ордо калаанын борбордук бөлүгү толугу менен маршруттук таксилерден бошотулуп, жаңы автобустук линиялар пайда болот. Ал эми маршруткалар шаар четине гана каттайт.