Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда иштер “Чыгыш-5” кичи районунда жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жарык системасы өткөрүлдү.

 

Мэриядан белгилешкендей, шаар бийлиги алдында ордо калааны бүтүндөй жарыктандыруу тапшырмасы коюлган. Артыкчылык буга чейин такыр жарык өткөрүлбөгөн көчө, аймактарга берилет.