Бишкекте 21 жаштагы аял 3 эм төрөдү.
Ымыркайлар кечээ Эне жана баланы коргоо борборунун перинаталдык борборунда
жарыкка келишти. Үчөө тең эркек. Р биринин салмагы 2 килограммдан жогору.
Учурда балдардын абалы канааттандыраарлык. Эненики туруктуу. Белгилеп кетсек,
Кыргызстанда 3 же андан ашык бала бир учурда төрөлсө ар бирине 50 миң сомдон сүйүнчү берилет.