Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт. Ишке орноштуруу боюнча шаар башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара 23-сентябрда Ала-Тоо аянтында өтөт.
Жумуш издегендер бул жерден компаниялардагы бош орундар менен таанышып, кеп-кеңеш ала алышат.
Андан тышкары, өз кызматтары тууралуу окутуу борборлору дагы айтып берет. Жалпысынан жарманкеде 1 миңден ашык вакансия тартууланат.