Ошто маршруттук каттамдар кыскартылды.
Тиешелүү тапшырманы мэр Таалайбек Сарыбашов берди.
Эми шаардагы 16 автобустун 8и каттамда, 18 троллейбустун
10у жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Ошондой эле 100гө жакын
кичи маршруттук каттамдар да кыскартылды. Көрүлгөн чаралар,
республика боюнча билим берүү мекемелери карантинге
жабылганына байланыштуу.