“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болуп Марат Орозбаев дайындалды

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болуп Марат Орозбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Орозбаев буга чейин ишкананын директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ал эми компанияны мурда жетектеп келген Мирлан Жакыпов Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.