Бишкек мэринин милдетин Бактыбек Кудайбергенов аткарат

Бишкек мэринин милдетин Бактыбек Кудайбергенов аткарат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

 

Бактыбек Кудайбергенов 59 жашта. 2015-17-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Өкмөт башчынын дагы бир чечими менен аталган кызматка Эрмек Нургазиевди дайындоо боюнча буйругу жокко чыгарылды.